Press Release Shim
Speeches Shim

Шашылыш жарыялоого
Бишкек – 8-февралда АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Саламаттык сактоо министрлигине жана Билим берүү жана илим министрлигине кургак учук боюнча 2,2 миң нускада басылып чыгарылган жаңы окуу китебин тапшырды. Бул студенттер үчүн кургак учук (туберкулез) боюнча Кыргыз Республикасына жана Борбордук Азияга таандык болгон маалыматты жана анализди камтыган биринчи окуу китеби. Китеп алдыңкы эл аралык деңгээлде жазылып, бул өтө кооптуу илдет жөнүндө соңку маалыматтарды камтыйт.
Окуу китептери өлкө боюнча алты окуу жайга: Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына, Кыргыз-Россия Славян университетине, Ош мамлекеттик университетине, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтуна, Саламаттык сактоо министринин Илимий медициналык китепканасына берилет.
Бул окуу китебин иштеп чыгууда USAID эки кыргызстандык жана бир эл аралык эксперттен турган автордук топ менен үч жылдан бери кызматташып келүүдө. Китепте кургак учукка каршы күрөшүүнүн жана аны дарылоонун өлкөлүк жана региондук өзгөчөлүктөрү камтылган. Аны даярдоого жана басып чыгарууга, USAIDдин “Кургак учукту жеңебиз” долбоорунун алкагында 60 миңден ашуун АКШ доллары бөлүнгөн. Буга чейин Кыргызстандын медициналык окуу жайлары кургак учукту изилдөө үчүн эскирген окуу куралын пайдаланып келишкен.
Кургак учукка чалдыгуунун жана өлүмгө дуушар болуунун көрсөткүчтөрүнүн саны кыскаргандыгына карабастан, бул илдет Кыргыз Республикасында олуттуу эпидемия бойдон калууда: жыл сайын 5,5 миңдей киши бул ооруга чалдыгып, 400 дөй киши өлүмгө дуушар болот. Бул илдеттин жайылышын чектөө максатында USAID менен Кыргыз Республикасынын өкмөтү лабораторияларды модернизациялоо, дарылоонун жаңы моделдерин киргизүү, бейтаптарга социалдык колдоо көрсөтүү жана кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча кызматташып келет. Жаңы окуу китеби бүткүл өлкө боюнча медициналык окуу жайларынын студенттеринин билим базасын жакшыртууга жардам берип, медицина кызматкерлерине кургак учукту аныктоо жана дарылоо үчүн заманбап маалыматтарды пайдаланууга жөндөм түзөт.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.