Press Release Shim
Speeches Shim
Шашылыш жарыялоого
АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанда туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү аракетинде 125 жаңы жол көрсөткүч жана көчөлөрдүн карталарын орнотууда. Көрсөткүчтөр туристтер шаар ичи жана жаратылыштагы жөө жүрүү жолдорду оңой табуу үчүн түзүлдү. Бул иш-чара Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө багытталган “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси” долбоорунун алкагында жүрүп жатат.
USAIDтин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын жетекчиси Кимберли Розендин айтымында, USAID 2016-жылдан бери 80 туристтик белгилерди, Ошто жана Караколдо көчө карталары жана өлкө боюнча жол көрсөткүчтөрдү орнотту. Ошолорду эске алганда, туристтик белгилердин жалпы саны 205 ке жетет. “Быйыл USAID Нарын, Ысык-Көл жана Ошто кошумча сегиз карта жана он бир туристтик карта орнотуп, Кыргызстан боюнча 106 жол көрсөткүч орнотуп жатат”, - деди Кимберли айым.
Жол көрсөткүчтөр эл аралык тажрыйбага ылайык күрөң түстө болуп, сейил бак жана эс алуу жайлардагы көрсөткүчтөрдүн форматына ылайык түзүлгөн.
Туристтик көрсөткүчтөрдү орнотуу - “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгесинин” алкагында USAIDдин Кыргызстандагы туризмди жакшыртуу аракетинин бир бөлүгү. Долбоор өлкөдөгү туристтик ишканалар, мейманканалар, музейлерге жардам берүүгө умтулуп, Кыргызстанды эл аралык туристтик аренада таанытууга багытталган. Былтыр конок үйлөр менен өнөктөш мейманканалар 2016-жылга салыштырмалуу туристтердин саны 48 пайызга өскөнүн кабарлашкан. Жергиликтүү туризмди өнүктүрүү уюмдары 2017-жылы кирешенин 40 пайызга өскөнүн кабар берсе, туроператорлор сатыктардын 13 пайызга көбөйгөнүн айтышкан. USAIDдин колдоосу менен өлкөгө келген туристтердин саны көбөйүүдө, кошумча жумуш жайлар пайда болуп, туризм секторундагы кирешелер көбөйүүдө. Мунун баары Кыргыз Республикасында узак мөөнөтүү таасир калтырып, туруктуу экономикалык өнүгүүгө жана стабилдүүлүккө салым кошот.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.