Региондорду өнүктүрүү жылы: Аймактар форуму муниципалитеттерди бекемдөө боюнча улуттук диалогго өбөлгө түзөт

Press Release Shim

Speeches Shim

Шашылыш жарыялоого

Бейшемби, 29 Март, 2018

2018-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасындагы көйгөйлөрдү жана региондорду өнүктүрүү стратегияларын талкуулоо үчүн муниципалитеттердин, Мамлекеттик бийликтин борбордук органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Аймактар Форумуна чогулушат. Форумду АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын региондорду өнүктүрүү аракетинин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкарууну бекемдөө боюнча улуттук деңгээлдеги кызыкдар тараптар менен муниципалитеттердин ортосундагы диалогго өбөлгө түзүү үчүн уюштурууда.

Форумга 130дан ашык киши катышышат. Анын ичинде негизги баяндамачылар Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова айым; Кыргыз Республикасындагы USAID Миссиясынын директору Кимберли Розен айым; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Уюштуруу жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Бакиров Жетиген мырза бар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Жаңы доорго - 40 кадам» программасында жана Регионалдык саясаттын концепциясында региондорду өнүктүрүү маанилүү экенин баса белгилеп кеткен. Форумда бул эки иш-кагазы дагы бир жолу тартууланып, муниципалитеттерди мындан ары өнүктүрүүнүн ыкмалары жөнүндө кеп болот. Өз кезегинде муниципалитеттер туруктуу жана сапаттуу тейлөө, бюджеттик жараяндар, социалдык жана маданий өнүгүү сыяктуу маселелер боюнча өз пикирлерин ортого салышат.

Аймактар Форуму региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Президент Жээнбековдун «Региондорду өнүктүрүү жылы» демилгесине өбөлгө түзүүчү USAIDдин көптөгөн иш-чараларынын бири. Форум USAIDдин муниципалитеттерди бекемдөөгө жана алардын ишине жарандардын ишенимин арттырууга багытталган беш жылдык "Ийгиликтүү аймак" долбоорунун алкагында уюштурулат. Азыркы учурда долбоор Жалал-Абад, Нарын, Ош, жана Ысык-Көл облустарында 32 муниципалитет менен кызматташууда. Аларга потенциалды өнүктүрүү иш-чаралары аркылуу суу менен камсыз кылуу, таштандыларды чыгаруу, айыл чарбасы жана башка тармактардагы кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүгө жардам берет. 2016-жылдын октябрынан тартып долбоор тарабынан өткөрүлгөн окууларда 1,1 миң муниципалдык кызматкерлер жана эксперттер катышты. Долбоор  аркылуу жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр, бюджеттин аткарылышы жана жергиликтүү жамааттын уставын иштеп чыгуу боюнча 62 коомдук угуулар өттү. Долбоордун бюджети 9,5 млн АКШ долларын түзөт.

Суроолор менен долбоордун байланыш адиси Жылдыз Ниязалиевага кайрылсаңыз болот: эл.почта: zhyldyz_niiazalieva@dai.com, тел.: +(996) 312 586 358, +(996) 770 777 127.