Flag of Kyrgyz Republic

Жаңылыктар

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

Кыргызстан стендине 5 миңден ашуун киши келди
31-01-2017

18-22-январь аралыгында, Кыргыз Республикасынын Туризм департаменти USAIDдин колдоосу менен Мадридде (Испания) өткөн FITUR-2017 эл аралык туризм жарманкесине катышты. FITUR – туризмге арналган Европанын алдыңкы жарманкеси жана быйыл ага 165 мамлекеттен 9,500 туристтик компания катышты.

Изилдөөлөр, ошондой эле окуучунун үйдөгү айлана-чөйрөсүн дагы эске алган.
22-01-2017

17-январь күнү адистерге сунушталган USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоорунун изилдөөсүнө ылайык, долбоорго катышкан башталгыч класстардын окуучулары, окуу көндүмдөрүн бир кыйла жакшырткандыгын көрсөттү. Долбоордун алкагында окуудан өткөн мугалимдердин натыйжалуу окутуу ыкмаларын колдонуусу көбөйгөндүгүн, жана ата-энелер балдары менен чогу китеп окууга көбүрөөк убакыт бөлө баштагандыгын көрсөттү.

Окутуудан кийин мугалимдер тиешелүү сертификаттарды алышты
18-01-2017

Бишкек жана Ош шаарындагы сокур жана начар көргөн балдар үчүн башталгыч мектептердин 24 мугалимдери новатордук окуу жана жазуу ыкмалары боюнча атайын окуудан өтүштү. Сокур жана начар көргөн балдар менен иш алып барууда аталган мугалимдер Брайль системасындагы окутуу жолу (кол менен окуу жана жазуу мүмкүндүгү) менен биргеликте новатордук технологияларды, анын ичинде атайын компьютердик камсыздоо программасын жана смартфондорду колдонуу боюнча жаңы ыкмаларды жана тажрыйбаларды үйрөнүштү.

01-11-2016

USAIDдин  «АИВ боюнча Флагман» долбоору Борбордук Азия өлкөлөрүндө АИВдин жаңы учурларын, ошондой эле АИВге байланыштуу өлүм учурларын азайтууга багытталган. Долбоор АИВди алдын алуу, аныктоо, дарылоо жана кам көрүү боюнча кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча иш алып барат. 

Коалициянын кол-центринин операторлору шайлоо күнү кыска мѳѳнѳттѳгү байкоочулардан телефон чалууларын алып жатышат.
18-10-2016

Долбоор шайлоолорго байкоо жүргүзүү аркылуу Кыргыз Республикасында демократиянын өнүгүүсүнө түрткү берип, шайлоочулар үчүн маалыматка жол ачып, шайлоого таламдаш жактарга тең укуктуу катышуусун камсыздоого, талаш-тартыштарды чечүүну жөңгө салууга жана шайланган кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Андан тышкар, программа Жогорку Кеңештин ишине байкоо жүргүзүү аркылуу саясий чечимдерди кабыл алуу жараянын өркүндөтүүгө көмөктөштү.

Pages