USAIDдин колдоосу менен Кыргызстан Испанияда туризм жарманкесине катышты

Press Release Shim

Speeches Shim

Кыргызстан стендине 5 миңден ашуун киши келди
Кыргызстан стендине 5 миңден ашуун киши келди
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Шейшемби, 31 Январь, 2017

18-22-январь аралыгында, Кыргыз Республикасынын Туризм департаменти USAIDдин колдоосу менен Мадридде (Испания) өткөн FITUR-2017 эл аралык туризм жарманкесине катышты. FITUR – туризмге арналган Европанын алдыңкы жарманкеси жана быйыл ага 165 мамлекеттен 9,500 туристтик компания катышты.

Жарманке учурунда “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору Кыргызстан делегациясы менен Эл аралык Олимпиада комитетинин вице-президенти Хуан Антонио Самаранч (кенже) жана Дүйнөлүк туризм уюмунун (UNWTO) баш катчысы Талеб Рифайинин жолугушуусун уюштурган. Жолугушууда өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү маселелери талкууланды. Дүйнөлүк туризм уюму Жибек Жолу Долбоору аркылуу аймактагы туруктуу туризмди өнүгүү көңүл бөлөт. Жолугушууда 2018-жылы келе жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын социалдык тармактар аркылуу жайылтуу жөнүндө да сөз болду.

FITUR-2017де Кыргыз Республикасынын көргөзмөсү өлкөнүн байыркы көчмөндөр маданияты менен салтына, анын жаратылыш кооздугуна, өлкөнүн эркиндик рухуна жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына басым кылды. Көргөзмөнү 5,040тан ашуун коноктор анын ичинде Испания, Италия жана Португалиялык туризм тармагынын адистери көрүп чыкты. Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын туроператорлору сегиз келишимге кол коюп жана өлкөгө туристтерди тартып келүүчү 43 бизнес мүмкүнчүлүгүн аныкташты.  

Сүрөттөрдү бул жерден көрүңүз:

Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” Кыргыз Республикасынын экономикасынын маанилүү тармактарын, анын ичинде туризм, кийим тигүү жана курулуш жабдууларын өндүрүү багыттарын бекемдеп келет. 2014-жылдан тартып USAID Кыргыз Республикасындагы туризмди жайылтууга колдоо көрсөтүп, туроператорлордун Лондон, Берлин, Стамбул, Алматы, Москва жана Мадриддеги туризм жарманкелерине катышуусуна көмөктөшкөн.