USAID сокур жана көрүүсү начар окуучулардын мугалимдерин новатордук окутуу методдорун үйрөтүүдө

Press Release Shim

Speeches Shim

Окутуудан кийин мугалимдер тиешелүү сертификаттарды алышты
Окутуудан кийин мугалимдер тиешелүү сертификаттарды алышты
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, 18 Январь, 2017

Бишкек – Бишкек жана Ош шаарындагы сокур жана начар көргөн балдар үчүн башталгыч мектептердин 24 мугалимдери новатордук окуу жана жазуу ыкмалары боюнча атайын окуудан өтүштү. Сокур жана начар көргөн балдар менен иш алып барууда аталган мугалимдер Брайль системасындагы окутуу жолу (кол менен окуу жана жазуу мүмкүндүгү) менен биргеликте новатордук технологияларды, анын ичинде атайын компьютердик камсыздоо программасын жана смартфондорду колдонуу боюнча жаңы ыкмаларды жана тажрыйбаларды үйрөнүштү.

«Сокур жана начар көргөн өспүрүмдөрдү окутуу ыкмасы катары атайын эсептөө машиналары үчүн программаларды жана сматфондорду колдонуу мен үчүн алгачкы тажрыйба. Жаңы үйрөнгөн билимимди жана тажрыйбамды окуучуларымды окутууда сөзсүз колдоном деп ишенем. Бул ыкмалар кызыктуу жана колдонууга жеңил экен жана бул сокур жана начар көргөн башталгыч окуучулары үчүн абдан маанилүү,”- дейт Дмитрий Михайлович, сокур жана начар көргөн балдар үчүн мектеп-интернатындагы музыка мугалими.

Азыркы учурда болжол менен 360 чукул өспүрүмдөр Бишкек жана Ош шаарларынын атайын адистештирилген мектеп-интернаттарында билим алууда. Аталган жайда окуган балдардын көпчүлүгүнө атайын билим алуу муктаждыктарды үчүн сапаттуу китептер жана материалдар жетишсиз. USAIDдин Кыргыз Республикасындагы башталгыч класстардын билим берүү сапатын жакшыртуудагы бирден-бир багыты – жаңы технологияларды колдонуу менен  окуучуларды, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөрдү окуу материалдар менен камсыздоого багытталган.

Бүткүл өлкө боюнча башталгыч класстардын билим берүү сапатын жакшыртууда жана ар бир баланын жарык келечеги үчүн, USAID Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле  мектептер, жамааттар жана жеке сектордогу уюмдар менен кызматташууда. USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында өлкө боюнча 60%га чукул мектептеринде 10,500гө жакын мугалимдер үчүн тренингдер уюштурулду. Анын ичинен 10,000ге жакын башталгыч класстардын мугалимдери Кыргыз Билим берүү академиясынын сертификаттарына ээ болушуп, алар азыр өздөрүнүн мектептеринде окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуп жатышат.