Speeches Shim
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ӨЛКӨНҮН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кыргыз Республикасы – постсоветтик Борбор Азияда жалгыз эркин шайланган парламенттик демократия. Ошондуктан, узак мөөнөттүк стабилдүүлүктү жана өнүгүүнү колдоо максатында, Кошмо Штаттары өлкөнүн демократиялык жетишкендиктерин колдоп чыңдоого олуттуу көңүл буруп, экономиканын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жана аймактагы мамилелердин өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт.
SPRING (The Strengthening Partnerships, Results, and Innovations in Nutrition Globally) долбоорунун негизги максаты – Кыргыз Республикасында төрөт курагындагы энелердин жана эки жашка чейинки балдардын тамактануусун жакшыртуу.
Долбоордун башкы максаты – Кыргыз Республикасынын жаштары үчүн эмгек рыногунда керек болгон жогорку билимди алуу мүмкүнчүлүгүн акыйкат жана жеткиликтүү болушун камсыз кылуу.
Долбоор мамлекеттик башкарууну жакшыртуу максатында, жарандык жактан маанилүү маалыматка жарандар үчүн жол ачууга көмөктөшөт.
ЛИДЕР долбоору АИВ менен жашаган адамдардын Борбор Азиялык Ассоциациясынын, анын Секретариатынын жана Казакстан, Кыргыз республкасы менен Тажикстан бөлүмдөрүнүн лидерлик жана уюштуруучулук потенциалын өркүндөтүүгө багытталган. Бул стигмаларды жана дискриминацияны четтетүү боюнча натыйжалуу иш алып барууга, АИВтин алдын алуу жана дарылоонун комплекстүү системасына бирдей мүмкүнчүлүктү камсыздоого жана ошондой эле АИВ менен жашаган адамдардын укугун бузууларга жооп кайтарууга арналган.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.