"АИВ (ВИЧ) боюнча флагман" долбоору

Speeches Shim

USAIDдин  «АИВ боюнча Флагман» долбоору Борбордук Азия өлкөлөрүндө АИВдин жаңы учурларын, ошондой эле АИВге байланыштуу өлүм учурларын азайтууга багытталган. Долбоор АИВди алдын алуу, аныктоо, дарылоо жана кам көрүү боюнча кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча иш алып барат. 

Узактыгы:  декабрь 2015 – декабрь 2020

Бюджет: $21 млн (Борбордук Азия)

Ишке ашыруу боюнча өнөктөш: Population Services International  

Негизги өнөктөштөр: КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, СПИД боюнча республикалык жана аймактык борборлор, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Ишмердүүлүк орду: Бишкектин тегереги, анын ичинде Бишкек шаары, Сокулук жана Ысык-Ата райондору; Ош, анын ичинде Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондору.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Долбоор жалпысынан 2020-жылга карата АИВ менен жашаган 90% адамдарды диагностика менен, алардын ичинен 90%ын вируска каршы терапия менен камсыздоого, ошондой эле терапиядагы 90% адамда вирусту азайтууга багытталган UNAIDS «90-90-90» кенен масштабдуу стратегиясынын алкагында жүзөгө ашырылат. 

Долбоор АИВдин жаңы учурларын аныктоо үчүн, ошондой эле АИВди алдын алуу, кам көрүү жана дарылоо жаатында бардык керектүү кызматтарды алуусун камсыздоо үчүн калктын максаттуу топтору жана алардын өнөктөштөрү менен иштешет. 

ТААСИР ЖАНА НАТЫЙЖАЛАР

  • Алгачкы төрт жыл ичинде, долбоор АИВдин 817 жаңы учурун аныктоого көмөкчү болгон, бул ошол мезгилге карата өлкөдө аныкталган бардык жаңы учурлардын (2834) болжолу менен 29% түзөт. Мындан сырткары долбоор ар кандай себептерден улам мурун жоголгон АИВ менен жашаган 678 адамга дарылоону кайрадан баштоого көмөкчү болгон.
  • Ошол эле мезгилдин ичинде, АИВ менен жашаган 1633 адам жашоо сапатын жакшыртуу үчүн жана АИВди жугузуу деңгээлин азайтуу үчүн  антиретровирустук терапия алып баштаган. USAID жергиликтүү коомдук уюмдарга АИВ менен жашаган адамдарга өмүр бою дарылоону алууга жардам берүү үчүн колдоо көрсөткөн.
  • Долбоордун алкагында кызмат алып жаткан бардык АИВ менен жашагандар кургак учуктун белгилерине карата текшерүүдөн өтөт, жана керектүү жагдайда дарыланууга жөнөтүлөт. АИВ менен жашагандардын көпчүлүгү кургак учук сыяктуу башка оорулардан көз жумушат, ошондуктан мүмкүн болгон учурда скрининг жана дарылоону өткөрүү өтө маанилүү.
  • АИВди аныктоо – эпидемияга каршы күрөшүүнүн эң башкы куралы. Учурлар канчалык көп аныкталып, аларды дарылоо жүргүзүлсө, ошончолук жакшы болот. Тесттер жеткиликтүү болуп, кенен таратылышы өтө маанилүү. Долбоордун алкагында жаңы учурларды аныктоо учүн, ошондой эле кан жана чайыр тегерегиндеги суюктуктун негизинде өз алдынча анализ жүргүзүү максатында 4 бейөкмөттүк уюмдун адистери билим алган. Бул БӨУ бейтаптарга дарылануусун улантууга жардам беришет. Ошондой эле жугузуп алуу коркунучу бар адамдар (инъекциялык баңги заттарды колдонуучулар же АИВ менен жашагандардын өнөктөштөрү) өзүн-өзү улам текшерип туруусу үчүн долбоордун алкагында АИВди өз алдынча текшерүү да киргизилген.
  • Инъекциялык баңги заттарды колдонуучулар сыяктуу калктын топтору же эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер көпчүлүк учурда алар дуушар болгон айыптоолордон жана басмырлоодон улам медицина кызматкерлерине кайрылуудан баш тартышат. Долбоор бул топторду камтып, АИВ менен жашаган адамдарга колдоо көрсөтүү үчүн мындай жамааттардын өкүлдөрү менен иштейт. Мындан сырткары, долбоор медициналык кызматкерлерге жана коомдук уюмдарга турдүү тренингдерди өткөрүп, АИВ менен жашаган адамдарга карата айыптоолорду жана басмырлоону азайтуунун үстүндө иштейт.