Flag of Kyrgyz Republic

Жаңылыктар

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

03-08-2017

Июнь жана июль айларында өлкөнүн булуң-бурчунан 120 мектеп окуучулары Ысык-Көл жана Джалал-Абад областтарында Демократия лагерлерине катышышты. Бул лагерлерди жыл сайын АКШ Өкмөтү АКШ эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES) аркылуу уюштурат. 10 күндүн ичинде жаш жарандар лидерлик жана критикалык ой жүгүртүү, командада иштөө жана социалдык кызматташтык боюнча тажрыйба алышты. Лагерде окуучулар жарандык жана демократиялык баалуулуктар, шайлоо жараяны жана добуш берүү боюнча оюндар, сүрөт жана медиа-технологиялар аркылуу түшүнүк алышты.  

13-07-2017

АКШнын Өкмөтү  Кыргыз Республикасынын 94 социалдык жана медициналык мекемелерине  USAIDдин «Тынчтык үчүн азык-түлүк» программасынын алкагында 200 миң АКШ долларлык 77 тонна азык-түлүк берди. Витаминдер менен байытылган 3,9 миллион порцияга жарактуу тамак-аш кургак учук менен ооругандарга, кары-картаңдарга жана жетимдерге берилет.

Жаңы борбор Кыргызстандын түштүк аймагындагы кымбат санарип жабдуу сатып ала албаган чакан тигүүчү цехтерди тейлейт.
15-06-2017

“Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору аркылуу АКШнын Өкмөтү Кыргызстандагы жергиликтүү ишкана менен биргеликте Ош шаарында атайын тейлөө борборун ачты. Аталган тейлөө борбору Оштун гана эмес, Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча тигүүчү цехтерге компьютердик программа менен камсыздалган кийимдин өлчөмүн автоматтык түрдө ырастап, бычуудан мурда кездемеге түшүрүлчү кийимдин үлгүлөрүн жасоо кызматтарын сунуштайт. Бул демилге кийим тигүүчүлөрдүн убактысын жана каражаттарын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул дүң кампа аркылуу жыл сайын болжол менен 24 миң тонна жашылча сорттолуп, тазаланып жана таңгакталып өтөт.
15-06-2017

14-июнда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Шейла Гуолтни Араван районунда жашылча дүң кампасынын ачылышынын аземине катышты. Бул түштүктөгү миңдеген фермерлерге түздөн-түз пайда алып келүүчү кампанын ачылышы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен жеке ишкер Аваз Абдурахимовдун ортосундагы кызматташуунун натыйжасы болду. Өлкөнүн түштүгүндө ушул сыяктуу эң ири объекттердин бири болгон бул дүң кампа аркылуу жыл сайын болжол менен 24 миң тонна жашылча сорттолуп, тазаланып жана таңгакталып өтөт.

Беш күндүк тренинг өзүнө теориялык сабактарды жана эки күндүк жөө саякатты камтыйт.
26-05-2017

2017-жылдын 10-майынан 24-майына чейин, АКШнын  Өкмөтү, USAID аркылуу, Кыргызстандын Тоо гиддеринин ассоциациясы менен биргеликте 75 гид үчүн трекинг-турлар боюнча окутуу өткөрдү. Өлкөнүн булуң-бурчунан келген гиддер кардарларды тейлөө, коопсуздуктун эл аралык стандарттары жана географиялык багыт алуу боюнча даярдык көрүшүп, жакшыртылган билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушту. Беш күндүк тренинг өзүнө теориялык сабактарды жана 2300 метр бийиктикте жайгашкан Жыргалаң өрөөнүндө эки күндүк жөө саякатты камтыйт. Бул Кыргызстандагы трекинг-турлар боюнча мындай деңгээлдеги биринчи окутуу болду.  Кыргызстандын Тоо гиддеринин ассоциациясы иш-чараны мындан ары да улантууну пландаштырууда.

Pages