Демократия лагерлери Кыргыз Республикасында жаш жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүн улантууда

Speeches Shim

Бейшемби, 3 Август, 2017
Бул лагерлер 15 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат жана Кыргыз Республикасында демократияны жана мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү боюнча USAIDдин көмөктөшүү ишинин олуттуу бөлүгү.
IFES

Июнь жана июль айларында өлкөнүн булуң-бурчунан 120 мектеп окуучулары Ысык-Көл жана Джалал-Абад областтарында Демократия лагерлерине катышышты. Бул лагерлерди жыл сайын АКШ Өкмөтү АКШ эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES) аркылуу уюштурат. 10 күндүн ичинде жаш жарандар лидерлик жана критикалык ой жүгүртүү, командада иштөө жана социалдык кызматташтык боюнча тажрыйба алышты. Лагерде окуучулар жарандык жана демократиялык баалуулуктар, шайлоо жараяны жана добуш берүү боюнча оюндар, сүрөт жана медиа-технологиялар аркылуу түшүнүк алышты.  

“Жол болуп, мени тандап алышты. Лагерде билим берүү иш чаралары так пландаштырылган экен. Ушундай лагерлер мага окшогон балдар үчүн көбүрөөк болуусун каалайт элем”,- дейт Ош облусунун Кара Суу районунан келген Бакай Миңбаев.

“ММКны колдоо борбору” коомдук фонду IFESтин өнөктөшү болуп, лагердин программасына медиа жана маалымат сабаттуулук боюнча сабак өттү. Катышуучулар  салттуу жана социалдык медиа булактарынан алынып жаткан маалыматтарды так түшүнүү, адамдын ой жүгүртүүсүнө тийгизген таасири жана манипуляциядан арылуу жолдорун талкууга алышты.

Өлкөнүн бардык облустарынан келген жаран таануу боюнча он мугалим да лагерге катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Лагерден мугалимдер жаш жарандарды эркин ой жүгүртүүгө өбөлгө болгон ачык чөйрөдө интерактивдүү билим берүү методдору менен танышышты. 

USAID жана IFES Кыргыз Республикасынын эли менен 20 жылдан ашык кызматташып, жарандык коомду күчөтүү аркылуу демократиянын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшөт. Бул лагерлер 15 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат жана Кыргыз Республикасында демократияны жана мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү боюнча USAIDдин көмөктөшүү ишинин олуттуу бөлүгү.