Дарыларга туруктуу кургак учукту дарылоо үчүн жаңы кыска режим

Speeches Shim

Жума, 27 Октябрь, 2017

26-октябрда Улуттук кургак учук борбору дарыларга туруктуу кургак учук менен оруган биринчи алты бейтап жаңы кыска дарылануу режимин аяктаганын тастыктады. АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасындагы бардык орулууларды бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму рекомендациялаган жаңы режимге өткөрүү үчүн жергиликтүү өнөктөштөр менен иштеп жатат.

Жаңы режим стандарттуу режимге караганда эки эсе кыска, кошумча терс таасири аз жана дарттын дарыга туруктуу түрдүү формадаларына каршы турууда эффективдүү. Бул кургак учук менен күрөштөгү чоң кадам.

2017-жылдын январь айында киргизиле баштаган жаңы режимде Бишкек жана Чүй облусунда 92 киши дарыланып жаткан. Алар стандарттуу режимге караганда кошумча терс таасирлер азыраак болгонун айтып, батыраак айыгып жатышат.

Кыргыз Республикасы дүйнө боюнча дарыларга туруктуу кургак учуктун деңгээли эң жогору болгон 30 өлкөнүн ичине кирет. Жыл сайын Кыргызстанда 1400дөй киши дарыларга туруктуу, башкача айтканда, кургак учукка каршы эки эң күчтүү жана эффективдүү дарыга туруштук берген кургак учук менен оруйт.

2017-жылдын аягына чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы режимди өлкө боюнча жайылтууну пландаштырып жатат. Жүздөгөн жаңы пациенттер бул режимде дарыланууга өтүшөт. USAIDдин Challenge TB (“Кургак учукка чакырык”) долбоору бул жараянды 1,000ден ашуун дарыгерлерди үйрөтүү аркылуу колдоп келет жана келерки эки жылда колдоону улантат.