«Ишкердүүлүк» программасына жаштардан өтүнмөлөр кабыл алынууда

Speeches Shim

Шейшемби, 29 Октябрь, 2019
Программага катышуу акысыз.

USAIDдин «Демилгелүү жаштар» долбоору жыл сайын өтүүчү «Ишкердүүлүк» программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алат. Аталган программа бизнес же старт-ап компаниялары үчүн идеялары бар 18-28 жаш курактагы адамдарга арналган. Анын максаты – ишкердүүлүк дүйнөсү тууралуу маалымат берүү, катышуучуларга ийгиликтүү бизнести кантип алып баруу тууралуу билимди жана көндүмдөрдү арттыруу.  

Программага катышуу үчүн Араван, Базар-Коргон, Кочкор, Сузак райондорунда, Бишкек, Нарын жана Ош шаарларында жашаган жаштар чакырылат. Өтүнмөнү 2019-жылдын 30-ноябрына чейин орус (https://forms.gle/A1W2dSXwpXcE9Ggx7) же кыргыз тилинде (https://forms.gle/LJpVRe3cMRmwkYnW6) тапшыруу зарыл.  

Окуудан кийин грант комиссиясы 100 бизнес идеянын арасынан 30 мыкты презентацияны тандап алат. Андан соң 10 мыкты долбоор бизнести өнүктүрүү үчүн гранттарга ээ болушат.

Тандоо комиссиясынын мүчөлөрү төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү болуп саналат: Тоолуу аймактардын өнүгүшүн колдоо программа коомдук фондусу, АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID), Борбордук Азия Университети, Жаштар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттиги, Accelerate Prosperity коомдук фондусу жана башка уюмдар.

Программага катышуу акысыз.

Программа USAIDдин «Демилгелүү жаштар» долбоорунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Бул программа 400 жаш кыз уландарды бизнес жүргүзүү боюнча окуудан өткөрүп, бизнес-идеяларды өнүктүрүү үчүн грант берүү. Окутууну USAIDдин колдоосу менен Борбордук Азия Университетинин алдындагы Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү Мектеби жүргүзөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн Залкар Камаловго кайрылсаңыздар болот: zalkar.kamalov@ucentralasia.org, 0 (312) 910822 (206)/0 (770) 822145 (WhatsApp).