Жаңыча ой жүгүртүү жергиликтүү таланттарга дем берүүгө жардам берет

Speeches Shim

Бейшемби, 11 Январь, 2018
Жаңы ачылган борбордо комуз эң популярдуу кружок.
USAID/Kyrgyz Republic

13 жаштагы Айдана Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун эң эски муниципалитеттеринин бири болгон Липенка аймагында жашайт. Балалык чагынан тарта эле ал мукам үндүү комузда ойногонду жакшы көрөт. Акыркы убакытка дейре Айдана комуз ийримине катышуу үчүн жумасына эки жолу 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Каракол шаарына барып келүүгө мажбур болчу.

“Мен Айдананы жумасына эки жолу Каракол шаарындагы комуз ийримине алып барып келчүмүн. Кээде кыш айларында жол жабыктыгынан ал жакка жете албай, анын кесепетинен улам Айдана бир нече жумалап сабагынан калып калчу ”, - дейт Махабат, Айдананын апасы.

Караколго жол киренин кымбаттыгы да үй-бүлөлүк бюджетке кыйла эле таасирин тийгизчү.

Мындай жагымсыз жагдайга кабылган жалгыз эле Айдана эмес болчу. Липенка аймагы төрт айылдан туруп, ал жерде дээрлик беш миңдей калк жашайт. Кызыкчылык боюнча ийримдердин же маданий борбордун жоктугу мектеп окуучуларынын жана алардын ата-энелери үчүн жүрөк өйүткөн маселе болчу.

Бул жагдай 2017-жылдын сентябрь айында муниципалитетте маданий борбордун ачылышы менен өзгөрдү. Качандыр бир мурдагы убакта мамлекет тарабынан каржыланган маданият үйү азыркы күндө багыты боюнча туура келбесе да, көптөгөн түрдүү иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланылып жаткан.  Советтер Союзу тараган соң имарат ар түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө берилип жаткан, анткени муниципалитеттин бул маданий борборду башкарууга кудурети жетпей келген.  

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору Липенка айылдык аймагына борборду кайра жандандырууга жардам берди. Долбоордун колдоосу менен муниципалитет жана жергиликтүү активистер мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк механизми аркылуу комуз, гитара жана бий ийримдерин ачышты. Алар жергиликтүү мугалим Астра Шаршеева менен кызматташууну башташты, бардык юридикалык маселелерди чечишти, эмгек стандарттарын иштеп чыгышты, жергиликтүү калк менен төлөнүүчү акынын көлөмүн талкуулап, бул кызматтын туруктуулугун камсыздоо үчүн калган бардык маселелерди чечишти. Бирок бул жердеги эң маанилүү ийгилик – чектелген ресурстар менен да, туура башкаруу аракетин пайдалануу аркылуу, кызматтарды жакшыртуу мүмкүн экендигин түшүнүү болду.

Айдана өзүнүн устаты менен машыгууда.

Азыркы күндө айылдын Маданият үйүндө кайрадан музыкалык үндөр жаңырып турат. 35тен ашуун бала дароо эле комуз, гитара жана бий ийримдерине жазылышты. Астра Шаршееванын айтымында, комуз үйрөнүү ийрими эң популярдуу болуп жатат. Айдана менен бирге ал ийримде 25тен ашуун бала кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабында ойногонду үйрөнүп жатат.  

“Менин кызым комуз үйрөнүү боюнча жаңы ийрим тууралуу абдан толкунданууда. Анткени ал эми өзү жакшы көргөн аспабында ойноону үйрөнө алат, жана биз дагы кызыбыздын узак жана кымбат каттамдары үчүн кам санабайбыз. Биздин айылдын балдары үчүн бул сыяктуу маданий борбордун ачылганына биз абдан бактылуубуз”, -дейт Махабат, Айдананын апасы.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору өлкөнүн 32 аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мындан да эффективдүү болуусуна көмөктөшүү аркылуу  иш алып барат.