USAID соя өндүрүшүн колдоо максатында айыл чарба техникасын өткөрүп берди

Press Release Shim

Speeches Shim

Болжол менен 400 соя өстүрүүчү фермер бул техниканын пайдасын көрүп, көбүрөөк жана жогорку сапаттагы түшүм алышат.
Болжол менен 400 соя өстүрүүчү фермер бул техниканын пайдасын көрүп, көбүрөөк жана жогорку сапаттагы түшүм алышат.

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, 4 Сентябрь, 2019

АКШнын Өкмөтү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу соя түшүмүн жыйноочу комбайнды сатып алып Чүй облусундагы «Энгельс» дыйкан чарбасына өткөрүп берди. Болжол менен 400 соя өстүрүүчү фермер бул техниканын пайдасын көрүп, көбүрөөк жана жогорку сапаттагы түшүм алышат. Алдын ала макулдашылган сатып алуучу бар болгондуктан, фермерлер түшүмүн кымбатыраак баада жана көбүрөөк көлөмдө сата алышат.

Салтанаттуу иш-чарага USAIDдин, Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, долбоордун өнөктөштөрү жана жергиликтүү фермерлер катышты. Иш-чарадан соң, жергиликтүү фермерлер үчүн соя өстүрүү боюнча окутуулар жана атайын көргөзмө өттү.

USAID өлкөдөгү соя өндүрүшүн күчөтүү максатында «Тянь-Шань» коому, «Энгельс» дыйкан чарбасы жана «Элдан Аталык» компаниясы менен өнөктөштүк түздү. Бул өнөктөштүктүн алкагында USAID соя өстүрүүчү фермерлерди топтоп, аларга соя өстүрүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын үйрөтөт. «Тянь-Шань» коому менен «Энгельс» дыйкан чарбасы фермерлерге жогорку сапаттагы соя үрөндөрүн берип, айыл чарба техникасынын кызматтарын көрсөтөт. Ал эми «Элдан Аталык» компаниясы фермерлердин түшүмүн Өзгөндөгү ишканасында кайра иштетүү максатында сатып алат.

“Сатып алуучунун гарантиясы жок болсо айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жылдан жылга кыйындап баратат. Мен муну фермер катары айталам. Биз «Энгельс» дыйкан чарбасы менен алардын продукциясын макулдашылган баада сатып алуу боюнча келишим түздүк. Бул тобокелдиктерди азайтууга жардам берет” – дейт Турат Укубаев, «Элдан Аталык» компаниясынын жетекчиси.

USAID үч кыргызстандык агроишкана менен түзүлгөн бул өнөктөштүккө $90,000 салым кошту. Үч тарап биргеликте бул өнөктөштүккө $325,000 суммадагы инвестиция жасашты.

“Биздин иш-чаралар айыл чарбасынын өндүрүштүк циклиндеги баардык тепкичтерди, эгин айдоодон баштап эл аралык рынокторго чыгарууга чейинки этаптарды колдоого багытталган. Биздин туруктуу жана так аныкталган максатыбыз бар: жумуш орундарын түзүү жана фермерлердин кирешесин көбөйтүү,” – деди Ilire Agimi, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын өкүлү.

Жаңы техника USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун алкагында берилди. Аталган беш жылдык долбоор 19000 жумуш орун түзүү жана чакан жана орто ишканалардын шарттарын жакшыртуу аркылуу кыргызстандык кожолуктардын кирешесин көбөйтүүгө багытталган.