USAID конок үйлөр жана боз үй лагерлерди эл аралык онлайн брондоо системасына каттады

Press Release Shim

Speeches Shim

USAID тренингтин бардык катышуучуларына онлайн брондоо системасын колдонууда жана өз бизнестерин онлайн мейкиндикте өнүктүрүүдө көмөктөшкөндү улантат.
USAID тренингтин бардык катышуучуларына онлайн брондоо системасын колдонууда жана өз бизнестерин онлайн мейкиндикте өнүктүрүүдө көмөктөшкөндү улантат.
Каракол Дестинациясы

Шашылыш жарыялоого

Бейшемби, 30 Ноябрь, 2017

Ноябрь айында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандагы конок үйлөр жана боз үй лагерлердин ээлери үчүн эл аралык брондоо жүргүзүлгөн вебсайттарда каттоо жана өз бизнестерин өнүктүрүү боюнча бир катар практикалык тренингтерди өткөрдү. Натыйжада Нарын жана Ысык-Көлдө жайгашкан 39 жаңы конок үй жана боз үй лагерлер Booking.com сайтында катталды.

Интернет аркылуу иштеген брондоо сайттары чет өлкөлүк туристтерди тартууга жана көбүрөөк киреше алууга мүмкүнчүлүк берет. Мейманкана брондоо боюнча алдыңкы вебсайттарынын бири Booking.com сайтында күнүгө 1,2 милиондон ашык түнөп калуулар катталат. Ал Кыргызстандагы конок үйлөрүн жана боз үй лагерлерин брондоону жеңилдетет. Мисалы, Караколдогу айрым бизнес ээлери жайкы жана кышкы туризм сезон убагында алар резервациялардын 40 пайызын Booking.com сайты аркылуу келерин айтышат. 

“Мен иштеткен конок үйүмдү көптөн бери Booking.com сайтында каттай албай жүрдүм. Тренинг учурунда конок үйүм бат эле катталды. Мен эми эл аралык резервацияларды түздөн түз жүргүзө алам”, деди Бөкөнбаев айылындагы Emily аттуу конок үйдүн ээси Гүльмира Тилебалдиева.

Бул тренинг USAID Кыргызстанды эл аралык рынокто туристтик өлкө катары жайылтуу аракетинин бир эле мисалы. Мындан тышкары, “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси” долбоору Кыргызстанга эл аралык туризм көргөзмөлөрүнө катышуусуна көмөктөшүп, саякат тармагындагы көптөгөн блогерлерди жана медиа өкүлдөрүн чакырып, туризм бизнес-ээлерине эл аралык стандарттарды үйрөтүп келет. Бул долбоордун негизги максаты – Кыргызстанда туризм, айыл-чарба, кийим тигүү жана курулуш сыяктуу экономиканын негизги секторолорун күчтөндүрдүү.

USAID тренингтин бардык катышуучуларына онлайн брондоо системасын колдонууда жана өз бизнестерин онлайн мейкиндикте өнүктүрүүдө көмөктөшкөндү улантат.