Жалал-Абад облусунда жашылча жана жемиштерди кайра иштетүүчү эң ири ишкана иштеп баштады

Press Release Shim

Speeches Shim

Бул областтагы эң ири кайра иштетүүчү ишкана 155 жаңы жумуш орунду түзөөрү күтүлөт.
Бул областтагы эң ири кайра иштетүүчү ишкана 155 жаңы жумуш орунду түзөөрү күтүлөт.
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, 22 Ноябрь, 2017

2017-жылдын 16-ноябрында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана “Фермерс Органик Гарден” ЖЧКсы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мөмө жана жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү жаңы ишкана ачышты. Жаңыланган ишкана ширелерди, консерваланган жашылча-жемиштерди, вареньелерди, кургатылган мөмө-жемиштерди жана томат пастасын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бул областтагы эң ири кайра иштетүүчү ишкана 155 жаңы жумуш орунду түзөөрү күтүлөт.

USAID шире куюучу жаңы линияны, кургатылган мөмө-жемиштерди таңгактоочу жабдууларды, ошондой эле томат пастасын жана консерваланган жашылчаларды өндүрүүчү автоматташтырылган линияны сатып алууга көмөктөштү. USAIDтин колдоосунун натыйжасында ХАССП талаптарына жооп берген ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу эми 15,6 миң тоннаны, ал эми кампасынын сыйымдуулугу 11,1 миң м3 чейин өсүп, сатуулардын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Жергиликтүү өндүрүлгөн тамак-аш продукциясын экспорттоодо ХАССП талаптарына дал келүү чоң мааниге ээ.

Кийинки эки жылда, “Фермерс Органик Гарден” ЖЧКсы 5,4 миң тонна жашылча-жемиштерди жергиликтүү фермерлерден сатып алууну көздөп жатат. Бул 1,3 миңден ашуун кожолукка пайда алып келээри күтүлөт.

Салтанаттуу ачылыш аземинде, USAIDтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Экономика бөлүмүнүн башчысы Луис Эрнандес коммерциялык жактан ийгиликтүү ишканалар менен кызматташуунун маанилүүлүгүн жана анын өлкөнүн экономикалык өсүшүнө болгон узак мөөнөттүү оң таасирин баса белгилеп кетти. “Фермерс Органик Гарден” компаниясынын өндүрүштүк потенциалынын кеңейиши жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча эл аралык стандарттардын ишке кириши экспорттун көлөмүн көбөйтөт, жана аны менен бирге, жергиликтүү сатып алуучулардын арасында дыйкандардын продукциясына суроо-талапты жогорулатат”, - деди ал.

Бул ишкана төрт жылдык USAID Агро горизонт долбоорунун алкагында ачылды. Долбоор өндүрүмдүүлүктү жакшыртуу жана өндүрүүчүлөр үчүн жергиликтүү жана эл аралык рынокторду кеңейтүү аркылуу дыйкандардын кирешесин көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын төрт облусунда (Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош) иштейт. Максатка жетүү үчүн долбоор 49 ишкана менен кызматташып, 27 млн. АКШ долларынан ашык жеке инвестицияларга шарт түзүүдө. Мындан тышкары, долбоор азыктык баалуулугу жогору жана пайдалуу азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет.