Оштогу ишканалар айыл-чарбанын өнүгүүсүнө түрткү болот

Press Release Shim

Speeches Shim

USAID ишканларды жаңылап, жабдууларды орнотуп, эл аралык сапат көзмөл (HACCP) системасын киргизүүгө жана башка нерселерге көмөктөштү.
USAID ишканларды жаңылап, жабдууларды орнотуп, эл аралык сапат көзмөл (HACCP) системасын киргизүүгө жана башка нерселерге көмөктөштү.

Шашылыш жарыялоого

Жекшемби, 12 Ноябрь, 2017

Ошто жаңы иштеп баштаган жемиш кургатуучу жана муздак сактоочу жайлар жергиликтүү дыйкандардан түшүм сатып алууну башташты. Эки жаңы жемиш кургатуучу ишканалар жылына 1,000 тоннадан ашык жемишти кайра иштете алат, ал эми жаңы складдын сыйымдуулугу – 40 тонна алма. Бул ишканаларда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) көмөгү менен заманбап, экспортко татыктуу сапатта продукция чыгаруучу кайра иштетүү линиясы орнотулган. Бул жаңы ишканаларга 2 миңден ашуун жергиликтүү үй-бүлөлөр түшүмүн сатып, пайда көрүшү күтүлүүдө.

ЖЧК “Оржемилдин” жаңы цехи жылына 600 тонна жемишти кайра иштете алат. Ишкана базарда чийки сатууга жарабаган шабдалы, алча, кара өрүк сыяктуу жемиштерди кайра иштетип чыгарат. Кургатылган жемиштерди чыгаруучу ЖЧК “Advantex” өзүнүн Өзгөндөгү жаңы цехинин жардамы менен өз өндүрүмүн жылына 500 тоннага чейин кеңейтүүнү көздөп жатат. Эки учурда тең, USAID ишканларды жаңылап, жабдууларды орнотуп, эл аралык сапат көзмөл (HACCP) системасын киргизүүгө жана башка нерселерге көмөктөштү.

Аялдардын ишмердүүлүгүн жайылтуу боюнча аракетинин алкагында, USAID Сабира Айдошова менен да өнөктөшүп, ага жемишти муздак сактоо ишин кеңейтүүгө жардам берди. Өзгөндө жайгашкан жаңы алма сактоочу складдын сыймдуулугу 160 метр кубду түзөт. Анда сорттолгон алмалар сакталып, сезон бүткөндө сатылып, жергиликтүү дыйкандар өстүргөн жемиштерге жыл боюу талапты колдоого жардам берет.

Бул Оштун дыйкандарына жана сатып алуучуларына пайдалуу болгон ишканалар USAIDдин төрт жылдык “Агро горизонт” долбоорунун көмөгү менен ишке ашты. Бул долбоор өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана жергиликтүү жана эл аралык рынокторго жол ачуу аркылуу дыйкандардын кирешесин көбөйтүүнү көздөйт. Ушул убакытка чейин, USAID 49 компания менен өнөктөшүп, 27 млн АШК долларына барабар жергиликтүү капиталды көтөрүп, аларды Кыргызстандын айыл-чарба продукциясын экспорттоо дараметин жогорулатуу жана импортту алмаштыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багыттады.