Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү: АКШ жана Кыргыз Республикасы кургак учукту бирге жеңишет

Press Release Shim

Speeches Shim

USAID 1 миңден ашуун бейтапка узак мөөнөткө созулган жана көп учурда оор дарыланууну бүтүрүүгө жардам берди.
USAID 1 миңден ашуун бейтапка узак мөөнөткө созулган жана көп учурда оор дарыланууну бүтүрүүгө жардам берди.
Olivier Le Blanc, Defeat TB Project

Шашылыш жарыялоого

Жума, 24 Март, 2017

Бишкек – Бүгүн, Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү АКШ Өкмөтү Кыргыз Республикасында кургак учукту жок кылууга берген убадасын кайрадан тастыктап келет. USAIDдин “Кургак учукту жеңебиз” долбоору – бул АКШнын кыргызстандыктардын ден соолугуна жана келечегине 12 млн долларынан ашык инвестиция.

2014-жылдан бери бул долбоор 3,2 миң дарыгерлерди, медайымдарды жана лаборатория адистерин окутуп, 1 миңден ашуун бейтапка узак мөөнөткө созулган жана көп учурда оор дарыланууну бүтүрүүгө жардам берди. АКШнын жардамы менен кургак учукту аныктоо батыраак жана тагыраак жүрүп калды. Долбоордун каржылоосу менен киргизилген лабораториядагы сапатты көзөмөлдөө системасы кургак учукту аныктоо тактыгын 7% жакшыртып, аныктоо убактын эки эсеге кыскартты. Андан тышкары, лабораториялар коопсуз болуп, кызматкерлерге дарт жуккан учурлар катталбай калды.

Мындай өзгөрүүлөр КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен болгон өнөктөштүк жана тыгыз кызматташтык аркылуу гана ишке ашты. Кыргыз Республикасынын демилгеси жана АКШнын каржы жана адистик колдоосу менен жакында эле кабыл алынган кургак учук менен күрөшүү боюнча “жол картасы” – “Кургак учук боюнча кызматтарды оптимизациялоо боюнча 2017-2026-жж иш планы” – болжол менен жылына 140 млн сом (2 млн АКШ доллары) үнөмдөөгө жардам берет. Бул үнөмдөлгөн каражат жаңы лабораториялык жабдууга, дары-дармектерди көбөйтүүгө, күчтүү дарыларды алууга жана пациенттерге камкордукту жакшыртууга колдонулат.

АКШ жана Кыргыз өкмөттөрүнүн өнөктөштүгүнүн натыйжасында кургак учуктан өлүмдүн саны кыскарууда. Бирок, жугузуулардын санынын кыскарганы, дарылануунун жыйынтыктары жакшырганы, өлүмдүн кыскарышы жана бейтапканалардын эффективдүүлүгүнүн жогорулашы сыяктуу бир нече алга жылыштарга карабастан, олуттуу суроолор чечилбей турат. АКШ Өкмөтү USAID аркылуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана эли менен бирге бул дартка каршы турууну улантат.