Алгачкы «Ташкент-Тамчы» рейси Ысык-Көлгө Өзбекстандан туристтерди алып келди

Press Release Shim

Speeches Shim

2019-жылдын жайкы эс алуу сезонунда бул эл аралык чартердик рейс менен 3 миңге жакын туристтин келиши күтүлүүдө.
2019-жылдын жайкы эс алуу сезонунда бул эл аралык чартердик рейс менен 3 миңге жакын туристтин келиши күтүлүүдө.

Шашылыш жарыялоого

Бейшемби, 27 Июнь, 2019

27-июнда тарыхтагы алгачкы «Ташкент-Тамчы» рейсинде Өзбекстандан Ысык-Көлгө биринчи туристтер келишти. 2019-жылдын жайкы эс алуу сезонунда бул эл аралык чартердик рейс менен 3 миңге жакын туристтин келиши күтүлүүдө. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Борбор Азиядагы туризмди күчөтүү жана жумуш орундарын түзүү максатында бул рейсти уюштурууда көмөк көрсөттү.

Бул жайкы сезондогу чартердик рейстер Кыргызстандагы «Inspiro Travel and Logistics» компаниясы менен Өзбекстандагы «Asia Lux» туроператору тарабынан уюштурулду. Ал эми USAID жаңы маршрутту жарнамалоого жана туроператорлор үчүн туристтик кызматтардын эл аралык стандарттар боюнча окутууга көмөктөштү.    

«Ысык-Көл» эл аралык аба майданына учуп келген 140 туристтер үчүн атайын салтанаттуу азем уюштурулду. Бул маараке Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу, Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Сардор Сайдирасулов,  жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Гари Линдендин катышуусу менен өттү.       

USAID Кыргызстанда туризмди өсүүгө потенциалы жогору болгон экономика сектору катары өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп келет. Акыркы беш жылда, USAID мейманканалардын жана гиддердин кызматын жакшыртууга, жаңы маршруттарды картага түшүрүүгө, жаңы туристтик продукттарды түзүүгө, туристтер үчүн жүздөгөн  атайын жол белгилерин орнотууга көмөктөштү. Андан тышкары, USAIDдин колдоосу менен Кыргызстан алдыңкы эл аралык туристтик көргөзмөлөргө катышты. Бул жана башка иш-чаралардын натыйжасында, Lonely Planet эл аралык басылмасы Кыргызстанды 2019-жылкы топ-5 бара турган туристтик багыттарга киргизди.