USAID жана Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учук менен күрөшүү боюнча өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшту

Press Release Shim

Speeches Shim

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана USAID миссиясынын директору Гэри Линден
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана USAID миссиясынын директору Гэри Линден

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, 10 Июль , 2019

10-июлда Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана USAID миссиясынын директору Гэри Линден АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Кыргыз Республикасынын ортосунда кургак учук менен күрөшүү боюнча өнөктөштүк жөнүндө билдирүүгө кол коюшту. Бул документ жыл сайын 500дөй кыргызстандыктын өмүрүн алып кеткен кургак учукту азайтуу боюнча өлкөнүн максаттарына жетүү боюнча эки тарап тең иштөөгө даяр экенин тастыктайт. 

USAID жана Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учукка каршы күрөшүү боюнча 25 жылдан бери кызматташып келет. Бул өнөктөштүк көптөгөн жетишкендиктерге көмөк болду. Мисалы, акыркы беш жылда гана кургак учуктан өлүмдөрдүн саны 34 пайызга азайып, ал эми ооруга чалдыккандарды саны 18 пайызга азайды. Азыркы учурда, кургак учук ооруканалары мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу колдонуп, бейтаптарды тез дарылап, алар кыска убакыттын ичинде үйүнө кайтып, кадимки жашоосун улантуусуна шарт түзө алышты. Натыйжада, саламаттыкты сактоо системасында үнөмдөлгөн мамлекеттик каржы кургак учук менен күрөшүү боюнча улуттук программаны күчөтүү боюнча башка иштерге бөлүнгөн.

Андан тышкары, USAID жаңы дарыларды жана дарылоонун кыска режимдерин киргизүүдө көмөктөштү. Натыйжада, дарылануунун кошумча таасирлери азайып, дарылануу жеңилирээк болуп, жалпы көрсөткүчтөр жакшырды. Бул өзгөрүүлөр жана инновациялар Улуттук кургак учукка каршы программасынын лидерлиги менен орун алды.

Бул жаңы келишим менен, USAID өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка кызыккан тараптар менен менен тыгыз байланышта иш алып барат да, кургак учукка каршы программасынын бекемдөөгө, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана жалпы бейтапканалардын деңгээлинде кургак учукка каршы күрөшүүнү жакшыртууга көмөктөшөт.