Кыргызстанга туристтерди тартуу максатында жаңы ат менен жүрүүчү маршрут ачылды

Press Release Shim

Speeches Shim

USAID атайын ат менен турлар үчүн жабдуу менен камсыз кылды
USAID атайын ат менен турлар үчүн жабдуу менен камсыз кылды

Шашылыш жарыялоого

Бейшемби, 1 Август, 2019

26-июлда «Кыргыз туризм» компаниясы менен АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) биргеликте ат менен жүрүүчү жаңы туристтик маршруттун расмий ачылышын өткөрүштү. Жаңы маршрут Кыргызстандагы эң кооз жана таанымал туристтик эки багыттарды: Суусамыр өрөөнү менен Соң-Көл көлүн бириктирет. Тур беш күнгө чейтг созулуп, Ой-Кайың, Сары-Көл жана Ок-Торкой жайлоолорун аралап өтөт.   

«Кыргыз туризм» старт-ап бизнестин негиздөөчүсү Аиша Мамбеталиева USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун алкагында эң мыкты бизнес-идеялар үчүн грант утуп алган 11 финалисттин бири болуп аталган. Долбоор Мамбеталиева айымга эл аралык туристтер үчүн ат үстүндө коопсуз жана ыңгайлуу саякаттарды уюштуруу үчүн жогорку сапаттагы 14 комплект ат жабдыктарын өткөрүп берди.

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн директору Гэри Шу мырза белгилегендей, бул жаңы маршруттун ишке кириши менен Суусамыр өрөөнүндө туристтердин саны көбөйөт жана жаңы жумуш орундар түзүлөт деп күтүлүүдө.

«Биздин болжолубузда, келерки жылдары бул демилгеден гид, ашпозчу, мейманкана кызматкерлери сыяктуу жаңы 30 жумуш орун түзүлүп, 15тей үй-бүлө кошумча кирешеге ээ болушат», - деди Шу мырза.  

USAID Кыргызстандагы өсүүгө потенциалы жогору болгон экономика секторунун бири туризмдин өнүгүшүнө колдоо көрсөтүп келет. Акыркы беш жылдын ичинде, USAID мейманканалардын жана туристтик гиддердин кызматын жакшыртууга, жаңы маршруттардын картасын түшүрүүгө, жаңы туристтик продукттарды түзүүгө, туристтер үчүн жүздөгөн  атайын жол белгилерин орнотууга жана Кыргызстанды эл аралык туристтик рыноктордо жарнамалоого көмөктөштү. Бул иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргызстан Lonely Planet эл аралык басылмасын тарабынан 2019-жылдагы туристтерге сунушталган он өлкөнүн катарына кире алды.