Press Release Shim
Speeches Shim
Шашылыш жарыялоого
Ош шаарында, 10-апрелде шаар тургундарынын кайрылууларын, даттанууларын жана сунуштарын кабыл алуу үчүн OshCity мобилдик тиркемесинин презентациясы болуп өттү. Бул мобилдик тиркеме аркылуу шаар тургундары мэрияга жана 25 муниципалдык шаардык кызматтарына кайрылуусуна мүмкүндүк берет жана анын процессин кыйла жеңилдетет. Андан тышкары, бул тиркеме сүрөттөрдү жүктөөгө, башкалардын кайрылууларын жана мэриянын жаңылыктарын окууга мүмкүндүк берет.
Мобилдик тиркеме жергиликтүү жашоочулар жана шаардык бийлик органдарынын кызматташуусун бекемдөө үчүн Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) колдоосунда Ош шаарынын мэриясы менен өнөктөштүктө “Youth of Osh” КБсы тарабынан иштелип чыкты.
Акмарал Сатинбаеванын, “Youth of Osh” КБсинин аткаруучу директорунун айтуусунда, бул мобилдик тиркемеси бир жыл мурун ишке киргизилген www.map.oshcity.kg платформасына толуктоо болуп иштейт. “Ош шаарынын дээрлик ар бир экинчи тургунунун смартфону бар, мен ушул тиркемени жүктөп алып, шаарыбызды өнүктүрүүгө жигердүү катышууга чакырам”, - деди коомдук бирикмесинин башчысы.
Тиркеме OshCity App Store менен Play Мarket’те орус жана кыргыз тилинде жеткиликтүү.
Презентацияда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэриясы тургундар менен иштөөдө жана алардын проблемаларын чечүүдө ушундай жаңы идеяларды жана инновацияларды колдой тургандыгын айтты. “Бул www.map.oshcity.kg платформасынын бир жылдык ишинде ал өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтө алды. Шаардын бардык проблемалары жана мэрия менен муниципалдык кызматтардын жооптору көрүнүп турат. Биз үчүн шаар тургундарын кандай проблемалар тынчын алып тургандыгына байкоо жүргүзүп, аларга оперативдүү түрдө жооп кылууга абдан ыңгайлуу”, - деди Ош шаарынын мэри А. Кадырбаев.
Биргелешип башкаруу программасы Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.