"Ишенимдүү сот" программасы

Speeches Shim

Программа жарандардын укуктарын коргогон, Кыргыз Республикасында мыйзамдын үстөмдүгүн колдогон бийликтин көз карандысыз бутагы катары болгон сот тутумуна коомдук ишенимди жогорулатууга багытталган.

Мөөнөтү: март 2018 г. - сентябрь 2020 г.

Бюджет: 3,2 млн. АКШ долл.

Ишке ашыруучу уюм: Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм (IDLO)

Негизги өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын жогорку соту, Конституциялык палата, Судялар кеңеши, Сот департаменти, Сот адилеттигин жогорку мектеби, Тартиптик комиссия.

Ишмердүүлүк аймагы: бүткүл өлкө боюнча

НЕГИЗГИ БАГЫТТАР

  1. Программа сот тутумунун ишин баалоо механизмдерин киргизүүгө көмөктөшөт. Алар сот катышуучуларын жана кызматкерлерин сурамжылоону камтыйт;
  2. Сот тутумуна ишенимди көтөрүү боюнча конструктивдүү шарттарга бийликтин башка бутактарын жана жарандык коомду тартуу;
  3. Сот тутумунун кесипкөйлүгүн, бирдиктүү тажрыйбасын жана көз карандысыздыгын күчөтүү үчүн иш процесстерин жакшыртуу жана соттун ачыктыгына көмөктөшүү;
  4. Сот органдарынын ишмердиги жөнүндө коомчулукка маалымат берүү боюнча дареметти бекемдөө.

 КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Программа сот системасынын туруктуу жана кеңейтилген каржылануусун бекемдеген II Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик максаттуу программасын (ММП-2) даярдоодо жана анын кабыл алынуусуна көмөктөшкөн. Анын негизинде бардык сот залдарында аудио-видео жазуу системасын жайылтуу үчүн сот органдарынын каржылык жана иш аткаруу жөндөмү жогорулап, сот катышуучуларынын укуктарынын коргоого жана соттордун ачыктыгы менен жоопкерчиликтерин бекемдөөгө өбөлгө түзүлөт. Кыргызстандын улуттук парламенти – Жогорку Кеңеш 2020-жылдын 26-февралында ММП-2 мыйзам долбоорун кабыл алган.
     
  • Программа айкындуулук жана сапаттуулук аркылуу коомчулуктун ишенимин арттыруу үчүн сот тутумуна бир нече санарип куралдарды иштетүүгө көмөк көрсөткөн. Азыркы учурда чечимдердин 90 пайыздайы act.sot.kg сайтына жарыяланууда. Бул коомчулуктун сотто кабыл алынган чечимдеринин сапатын жана негиздүүлүгүн көрүүгө жардам берет. Жогорку сот иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү, аудио-видео жазуу (77 сот залында орнотулган) жана электрондук документ жүгүртүү тутумдарынын жардамы менен кагаз форматынан электрондук форматка өткөн.
  • Программа сот тутумунун ишин баалоо процессин жигердүү колдоп келет. 2019-жылы программанын колдоосу менен өткөрүлгөн соттордун пайдалануучуларынын канааттануусунун жалпы улуттук сурамжылоосунда 4,4 миң адам катышкан. Ал өлкө боюнча 25 сотту камтып, беш компонент боюнча баалаган: жеткиликтүүлүк, кабардар болуу, иш процесстери, кесипкөйлүк жана коопсуздук. Сот тутуму бул сурамжылоону соттордун иши менен канааттануунун деңгээлин жогорулатуу үчүн пайдаланууну пландаштырууда.

  • Өңчөй иштер боюнча мыйзамдарды жана сот токтомдорун колдонууда айырмачылыктар азыраак болушу үчүн программа сот тажрыйбаларын жалпылаштырууга жана сот чечимдеринин ырааттуулугуна жардам берет. Укуктук маселелер боюнча эксперттер жана судьялар программанын колдоосу менен жарандык жана жазык иштеринин айрым категорияларына тийиштүү сот чечимдери боюнча жыйынтактарын чыгарышып, тажрыйбаны жакшыртуу жана жалпылоо боюнча сунуштарын даярдашкан. Коомдук талкуулардан кийин алар www.sot.kg сайтына жарыяланган.

  • КР Жогорку соту жана чечимдердин аткарылуусуна жооптуу болгон Сот департаменти (СД) олуттуу реструктуризацияны өткөргөн. Анын негизинде сот чечимдеринин натыйжалуу аткарылуусу үчүн СД кызматкерлеринин саны эки эсе көбөйдү. Бул реформалар программанын колдоосу менен ишке ашкан атайын баалоонун жыйынтыгында ишке ашкан. Сот бийлигинин башка органдары азыркы учурда программанын сунуштарына ылайык өз натыйжалуулуктарын баалоону жүзөгө ашырууда.

  • Программа сот тутумунун сапаты менен жоопкерлигин жогорулатууга жооптуу болгон Тартиптик комиссияга (ТК) коомчулук тарабынан анын ролун жакшыраак түшүнүүсү үчүн маалымат берүү аракеттерине көмөк көрсөттү. Натыйжада 2019-жылы ТК тиешеси жок жок арыздардын саны 20 пайызга азайды.
     
  • Программа юридикалык билим берүүнү өркүндөтүү жана келечектеги юристтердин дараметин бекемдөөгө жардам берет. Программанын колдоосу менен юридикалык факультеттер жарандык жана жазык иштери боюнча студенттер үчүн окуу сот процесси курстарын киргизишип, студенттер арасында мыкты сот актыларын чыгаруу жана сот процесстерин өткөрүү боюнча конкурстарды уюштуруп келишет.
     
  • Программанын маанилүү бөлүгү болуп коомчулукка маалымат берүү боюнча сот тутумунун ишин күчөтүү саналат. Программа сот тутумунун коомчулук үчүн ачыктыгын илгерилеткен бир топ демилгелерди колдоду. Анын ичинде электрондук сот өндүрүшү боюнча пресс-турлар жана судьялардын ЖМК өкүлдөрү менен иштешүү боюнча окутуулар. Жогорку сот бул аракеттердин алкагында 40 журналистти аккредитациядан өткөргөн, аны менен журналисттер үчүн сот процесстери жана жүргүзүлүп жаткан реформалар туурасында маалымат берүү үчүн судьялар жана сот органдарынын өкүлдөрү менен иштешүүгө жол ачкан. Программанын колдоосу менен сот тутуму коммуникациялык стратегиясын иштеп чыккан. Коммуникация жаатында ишмердикти жакшыртуу максатында Жогорку сот басма сөз кызматынын кызматкерлинин санын үч эсе көбөйткөн. Бул басма сөз кызматы судьялар менен журналисттердин байма-бай жолугушуп туруш үчүн «Эксперт-кафени» уюштурулушун колго алган. Буга чейин бул форматтагы жолугуулар “Ишенимдүү сот” долбоору тарабынан уюштурулуп келген. Жогорку сот үчүн мындай жолугушуулар коомчулукка маалымат берүүнүн натыйжалуу каналы болуп калды.