Клик менен өз шаарын жакшыртуу

Speeches Shim

Нуркалы Толубаев Ош шаарындагы түрдүү мселелер жөнүндө жазып, өз шаарын жакшыртууга жардам берет.
Нуркалы Толубаев Ош шаарындагы түрдүү мселелер жөнүндө жазып, өз шаарын жакшыртууга жардам берет.
Youth of Osh
Атайын вебсайт Ош шаарынун тургундары менен мэриянын байланышын бекемдөөгө жардам берет.
«Ал биздин ишибизди бир кыйла жеңилдетет, бизге шаар тургундарынын маанайын жана тынчсызданууларын билүү үчүн болгону онлайн-картаны карап чыгуу жетиштүү»

Сентябрь 2018-ж. – Студент Нуркалы Толубаев Ош шаарындагы автобустарындагы акысыз интернетти көп колдонот. 2017-жылдын июнь айында Нуркалы  акысыз интернет кызматы   иштебей калгандыгын байкап, атайын сайтты колдонуп мэрияга кат жазган.

“Мага муниципалдык автотранспорттук ишкананын башчысы телефон чалып, баарын түшүндүрүп берди. Мен абдан таң калдым”, - Нуркалы. Көрсө шаардын мэриясы жүргүнчүлөр аз болуп, Интернетке суроо-талап азайган жайкы мезгилде, бул кызматкан кеткен каражатты үнөмдөйлү деп чечишиптир.

“Кайрылууга жооп берип турганы мени абдан кубандырды. Андан дагы алар ушундай ыңгайсыздыкка кечирим сурашты”, - дейт Нуркалы.

Бул вебсайт мэрия менен бирдикте шаар тургундары менен түштүк борбордун администрациясы ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуу максатында “Youth of Osh” (“Оштун жаштары”) жергиликтүү уюму тарабынан иштелип чыккан. Бул платформа жарандарга транспортту, таштандыларды тазалоону, саламаттык сактоону, жер пайдаланууну, курулушту, санитардык контролду, билим берүүнү, суу менен камсыз кылууну, жылуулукту жана электр менен жабдууну кошо алганда, 28 муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча өтүнүчтөр жана суроолор менен кайрылууга мүмкүндүк берет. Долбоор USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы тарабынан колдоого алынган.

Платформа 2016-жылы февраль айында ишке кирген учурдан тартып, муниципалитет 550дөн ашык билдирме алды жана анын 84 пайызын –  468ин аткарды. Мэрия жолдорду, балдар аянтчаларын куруу жана канализация төшөө менен байланышкан калган  кайрылууларга жооп кылуу үчүн кошумча каражаттарды издеп табууда.

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин ою боюнча, бул  онлайн-карта учурдагы маселелерге мониторинг жүргүзүү жана аларды чечүү үчүн мыкты каражат. “Ал биздин ишибизди бир кыйла жеңилдетет, бизге шаар тургундарынын маанайын жана тынчсызданууларын билүү үчүн болгону онлайн-картаны карап чыгуу жетиштүү”,- дейт ал.

“Албетте, бардык проблемаларды шарт эле чечүү мүмкүн эмес, алардын кээ бирлери финансылык чыгымдарды талап кылат. Ош мэриясынын тиешелүү кызматкерлери бардык суроолорго толук жооп бергендиги мени абдан ыраазы кылууда”, - деди Эмиль Сагынбаев. Ал вебсайтты көп колдонуп, анын жардамы менен көчөдөгү жарыктандыруунун абалы, ичүүчү суу менен болгон проблемалар, жер тилкемелердин бөлүштүрүлүшү тууралуу билдирип турат.

Вебсайтка жайгаштырылуучу бардык өтүнүчтөр жана жооптор жеткиликтүү,  ачык-айкын  болгондуктан тургундардын шаар бийлигине болгон ишенимин арттырууга да жардам берет.

Долбоор тургундар менен шаар администрациясынын ортосунда маалымат алмашууну бир тартипке келтирүүдө өзүн туруктуу жана натыйжалуу экендигин көрсөттү. 2017-жылдын майында ал Улуттук шаарлар форумунда шаарды өнүктүрүү үчүн инновациялык долбоор катары белгиленген. Бирок эң башкы ийгилик болуп ыраазы болгон жашоочулар саналат.

USAIDдин Биргелешип башкаруу боюнча программасы жарандарга кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн жарандык коомдун, бизнес-сектордун жана өкмөттүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган аракеттерди колдоп келет. Төрт жылдын ичинде программа колдоого алган жарандык коом уюмдары укук коргоо органдарын реформалоону илгерилетүү, мамлекеттик социалдык заказ механизмин өркүндөтүү, жергиликтүү бюджеттердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, мүлктүк укуктарды күчөтүү, коррупцияга каршы күрөшүү, үй-бүлөлүк зомбулукка карыш күрөшүү жана электр энергиясы, сугат суу менен камсыз кылуу жана төмөнкү пайыздык үстөктөр менен насыя берүү боюнча 85 демилгени ишке ашырышты.