Press Release Shim
Speeches Shim
Шашылыш жарыялоого
Саламаттыкты Сактоо министрлиги жана USAIDдин Challenge TB (“Кургак учукка каршы туруу”) долбоору Кыргыз Республикасы боюнча кургак учуктун (туберкулез) дары-дармектерге туруктуу формасы менен жабыркаган бейтаптарды жаӊы, эффективдүү жана кыска мөөнөттүү дарылоо режимине өткөрө башташты. Дарылоонун жаӊы режими, мурунку стандарттык дарылоого караганда, арзан жана терс таасирлери азыраак.
Көптөгөн дары-дармектерге туруктуу кургак учук менен жабыркаган бейтаптар дарылоонун кыска мөөнөттүү дарылоого өткөрүлөт. Ал режим адаттагы 20-24 айдын ордуна 9-12 ай гана дарыланууну талап кылат. Ал эми өзгөчө оор формаларды жана дары-дармектерге өтө туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптар Бедаквилин жана Деламанид аттуу жаңы дарылардын колдонуусу менен жеке схемаларга өткөрүлөт. Дарылоонун жаӊы схемасы 2017-жылдын январында Чүй облусунда жана Бишкекте киргизиле баштаган. Ноябрь айынан баштап, жаңы дарылоо режимдери Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында башталды.
Кыргыз Республикасы дарылоонун жаӊы режимдерине толугу менен 2018-жылдын жазында өтүшү күтүлөт.
USAIDдин Challenge TB долбоору 1 миңде ашык дарыгерлерди жана медайымдарды окутуудан өткөрүп дарылоонун жаӊы жолун жайылтууга салым кошту. Кийинки эки жылда дагы бул процесс боюнча колдоо көрсөтүүсүн улантат.
Кыргыз Республикасы дүйнө жүзү боюнча көптөгөн дары-дармектерге туруктуу кургак учук менен оору денгээли жогорку 30 өлкөлнүн катарына кирет. Ар жылы 1,4 миң чукул кыргызстандыктар, көптөгөн дары-дармектерге туруктуу кургак учукка чалдыгышат. Кургак учуктун бул формасы дарылоо үчүн адатта колдонулуп келген эки күчтүү жана натыйжалуу дарыларга туруктуу болуп саналат.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.